ГАММА-БЫЧАК МЕНЕН СТЕРЕОУУЛУУ РАДИОХИРУРГИЯ— БУЛ ЭМНЕ?

Радиохирургия – патологиялык мээ ичиндеги басымды стереоуулуу техниканы пайдалануу менен бир сааттын ичинде радиациянын чоң дозасын колдонуу менен жогорку тактыктагы нурлантуунун методу. Гамма-бычак аппараты, мээнин ичиндеги патологиянын (онкология, кан тамыр мальформациялар, тригеминалдык невралгиялар) кеңири спектрин инвазиялык эмес дарылоо үчүн жогорку адистештирилген аспап болуу менен нейрохирургиялык куралдардын ичинен өзгөчө орунду ээлейт.

АРТЫКЧЫЛЫКТАР

image

Кесиктерсиз жана трепанациясыз, дээрлик оорутпаган

image

Нарктын жана натыйжалуулуктун жагымдуу катышы

image

Сезүү органдарын бузуунун өтө аз тобокелдиги

image

Нурлантуунун эң жогорку тактыгы

image

Бардык процедуралар бир күндүн ичинде болот

БОРБОР ЖӨНҮНДӨ

image
Академик Н.Н Бурденко атындагы нейрохирургия ИИИна караштуу Гамма-Бычак борбору бейтаптар үчүн өзүнүн эшигин 2005-жылдын апрелинде ачкан. Эл аралык кесиптештер менен бекем илимий байланыштар түзүлгөн. Биз Elekta фирмасынын Гамма-Бычак аппаратында иштегенге адистерди даярдоо боюнча окуу борбору болуп саналабыз.

Биздин дарыгерлердин жогорку квалификациясы.

Алардын өлкөнүн алдыңкы адистештирилген мекемесиндеги: РМИА Н.Н Бурденко атындагы нейрохирургия ИИИнун нейрохирургдары менен көп жылдык иш тажрыйбасы бар. Алар өзүлөрүнүн тажрыйбасы менен практикалык радиология жана стереоуулуу радиохирургия билимин билгичтик менен айкалыштырышат. Бул бейтаптарга диагноздоо жана дарылоонун ОПТИМАЛДУУ тактикасын сунуштоого мүмкүндүк берет, ал Гамма-бычагын сөзсүз түрдө эмес колдонуу менен гана чектелбейт.

РМИА Н.Н Бурденко атындагы нейрохирургия ИИИ менен тыгыз кызматташуусу.

Радиохирургиялык дарылоого чейин жана кийин биздин бейтаптарды өлкөнүн неврология, нейроофтальмология, отоневрология, нейрорентгенология, нейроэндокринология, нейропсихиатрия боюнча алдыңкы адистери консултациялашат жана сунуштарын беришет. Нейрохирургия ИИИнун базасында бейтаптар (көрсөтмөлөр болгондо) Россия жана КМШнин башка медициналык мекемелеринин көпчүлүгүнө жеткиликтүү болбогон кошумча текшерүүнүн ар кандай методдорун өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар:

  • Баш мээнин спиралдык КТ-перфузиясы
  • DWI режиминде бүткүл дененин МРТсы
  • Бирфотондук эмиссиялык КТ
  • Электроэнцефалография
  • Гистологиялык препараттарды кайра кароо
image

АНДРЕЙ ВЛАДИМИРОВИЧ ГОЛАНОВ

Профессор, м.и.д., нейрохирург, медициналык ишмердик боюнча генералдык директордун орун басары, алдыңкы радиолог.

РДБМА радиология кафедрасынын профессору. Нейрохирургдардын Москвалык коомунун, Россия нейрохирургдарынын ассоциациясынын, нейрохирургдардын Европалык жана Америкалык ассоциацияларынын (WFNS, EANS, AANS), Америка жана Европа онкологдорунун жана радиологдорунун (ASTRO, ESTRO) коомунун, стереоуулуу радиохирургия боюнча (ISRS) эл аралык коомдун, «Гамма-бычак» (Leksell Gamma Knife Society) колдонуучулардын Бүткүл дүйнөлүк жана Европалык коомунун, стереоуулуу радиохирургдар коомунун (RSS) жана башкалардын мүчөсү. 275 ашык басылма иштердин автору жана 5 монографиялардын авторлошу. Онкология чөйрөсүндө “Стереоуулуу радиохирургияны өнүктүргөндүгү үчүн “Жылдын жетишкендиги” номенациясындагы I Бүткүл россиялык сыйлыктын лауреаты. Медициналык илимди жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча жемиштүү эмгеги үчүн РМИА Ардак грамотасы.

БАЙЛАНЫШТАР

2015-жылдын 1-сентябрынан баштап “Гамма-бычак” борборунда жеке адамдар- РФнын жарандары - үчүн дарылоого 10% көлөмүндө арзандатуу болот. Медициналык кызматчылар, Чернобылдагы аварияны жоюучулар, УАС ардагерлер үчүн 15% арзандатуу каралган (тастыктоочу документтерди көрсөткөндө).

Дарылануу үчүн кайрадан кайрылганда да арзандатуулар каралган. Нейрохирургия ИИИна ооруканага жаткырганда, а.и. ангиография жүргүзүүдө прейскурантта көрсөтүлгөн дарылоо наркына кирбейт жана Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургия ИИИнун прейскуранты боюнча өзүнчө эсептелинет.

БАЙЛАНЫШТАР

ИШ ТАРТИБИ:

дүйшөмбү-бейшемби: 9.00–18.00 с. жума: 9.00–17.00 с.

ПОЧТА ЖӨНӨТҮҮЛӨРҮ ҮЧҮН ДАРЕК:

125047, Россия, Москва ш., 4-Тверская-Ямская көч. 16-үй. 3-корп. Нейрохирургиянын ишкердик борбору.

ТЕЛЕФОН ЧАЛУУНУ ТАПШЫРЫКТАҢЫЗ
КАБЫЛ АЛУУГА ЖАЗЫЛУУ
КОНСУЛЬТАЦИЯ АЛЫҢЫЗ